БЕЛОКТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛОКТОР , п р о т е и н д е р – пептид байла­нышы аркылуу байланышкан амин к-талары­нан турган ири мол. табигый орг. бирикмелер. Б. – тиричиликтин материалдык негизи, бар­дык тирүү организмдердин өтө маанилүү курам­дык бөлүгү. Организмде таяныч, булчуң, корго­гуч ткандардын курамына кирип, зат алмашуу-


да, клеткалардын көбөйүшүндө негизги маани­ге ээ. Бардык ферменттер, гормондордун көбү, иммунитет учурунда пайда болгон антитело­лор да Б-дон турат, о. эле организмдеги көптөгөн тиричилик кубулуштары – зат алмашуу, өсүү, көбөйүү, тукумкуугучтук ж. б-га түздөн түз ка­тышат. Анда карбоксил (к-талык) ж-а амин (негиздик) топтору болгондуктан, амфотердүү касиетке ээ. Алардын кээ бирлери сууда оңой эрисе, айрымдары туздуу эритмелерде, башка­лары күчтүү жегичте гана эрийт. Амин к-тала­ры Б. молекулаларында пептид байланышы (–СО–NH–) аркылуу биригет. Цистин амин к-та­сы катышса, дисульфид байланышы (–S–S–) бо­лот. Алардын молекуласында бир нече поли­пептид тизмеги болушу мүмкүн. Ал тизмектеги амин к-талары ар бир белоктун өзүнө гана тие­шелүү тартипте жайгашат. Полипептид чынжы­рында амин к-талары белгилүү тартипте ке­зектешип жайгашуу ырааты, биринчилик, амин к-тасындагы байланыштын айрым жерлери спи­раль түрүндө буралып, экинчилик структураны түзөт. Экинчилик структуранын бүгүлүшүнөн же буралып толгонуусунан алардын ортосунда ко­шумча суутек байланышы түзүлүп, үчүнчүлүк структура пайда болот. Бир нече Б. биригип, спиралдардын бир боо болуп чогулушу төртүн­чүлүк структураны пайда кылат. Полипептид чынжырынын жайгашуусуна жараша белок молекулаларынын формасы жип сымалдан (эт булчуңу–миозин, мал жүнү, жибек пилласы ж. б.) тоголокко (альбумин, глобулин, гемогло­бин ж. б.) чейин өзгөрөт. Б-дун түзүлүшүн изилдөө аларды синтездеп алууга мүмкүндүк берди. Алар жөнөкөй (амин к-таларынан гана турган) ж-а татаал (амин к-тасы ж-а бирикме­лерден турган) болуп бөлүнөт. Жөнөкөй Б-го альбуминдер, глобулиндер ж. б., татаал Б-го гликопротеиндер, нуклеопротеиндер ж. б. ки­рет. Б-дун организмде амин к-таларынан пайда болуу процесси биосинтез деп аталат. Б-ду өсүмдүктөр ж-а микроорганизмдер гана синтез­дейт. Киши, жаныбар организмине Б. тамак­аш ж-а тоют аркылуу келет.

Ад.: Щульц Г. Э., Ширмер Р. Принципы структур­ной организации белков. М., 1982; Овчинников Ю. А., Шамин А. Н. Строение и функции белков. М., 1983.

Ж. Чотоев.