БЕЛ-САЗ АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛСАЗ АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИГИ – б. з. ч. 1-миң жылдыктан о. к-дардын аягына чейин­ки мезгилге таандык көрүстөндөр. Кочкор р-нун­дагы Карасуу ж-а Карасаз айылдарынын түш. тарабындагы дөбөдө жайгашкан. Булардын ичи­нен «муруттуу» деп аталган көрүстөндөр өзгөчө мааниге ээ. Көрүстөндүн күнчыгыш тарабында уй мүйүз сымал атайын тизилген таштардын негизинде аталган. Мындай эстеликтер Казак­стандын борборунда, түштүгүндө кеңири бел­гилүү. Байыркы түрк доорундагы көрүстөндөрдүн басымдуу көпчүлүгүндө маркумдун жанына мин­ген атынын кошо көмүлгөн учурлары арбын. Алардын көпчүлүгү мурда эле казылып, буюм­тайымы уурдалган. Археол. казуу учурунда бай­ыркы түрк дооруна мүнөздүү темир үзөңгүлөр табылып, калыбына келтирилген. Ал эми 11– 14-к-га таандык көрүстөндөрдө аттын ордуна маркумдун бут жагына ат жабдыктары жай­гаштырылган. Маркумдун жаш өзгөчөлүгүнө, жынысына жараша буюмдар кошо көмүлгөн. Мис., аялдын жанына чоң темир кайчы коюл­са, коңшу көрүстөндөгү кыздын жанынан ки­чине кайчы табылган (о. эле кыздын баш жа­гында ж-а эки колунда 3 жез тыйын болгон). Ар бир маркумдун баш жагына койдун жото жилиги (чүкөлүү жилик) коюлган. Салтка ай­ланган мындай жөрөлгө маркум болгон адамга тиги дүйнөдө күч берүүчү ишеним м-н байланыш-


тырылат. 1990-ж. археолог К. Ш. Табалдиев, 2002-ж. М. И. Москалев ж-а О. А. Солтобаев тарабынан изилденген.

К. Табалдиев.