БЕЛ-САЗ АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИГИ
БЕЛСАЗ АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИГИ – б. з. ч. 1-миң жылдыктан о. к-дардын аягына чейинки мезгилге таандык көрүстөндөр. Кочкор р-нундагы Карасуу ж-а Карасаз айылдарынын түш. тарабындагы дөбөдө жайгашкан. Булардын ичинен «муруттуу» деп аталган көрүстөндөр өзгөчө мааниге ээ. Көрүстөндүн күнчыгыш тарабында уй мүйүз сымал атайын тизилген таштардын негизинде аталган. Мындай эстеликтер Казакстандын борборунда, түштүгүндө кеңири белгилүү. Байыркы түрк доорундагы көрүстөндөрдүн басымдуу көпчүлүгүндө маркумдун жанына минген атынын кошо көмүлгөн учурлары арбын. Алардын көпчүлүгү мурда эле казылып, буюмтайымы уурдалган. Археол. казуу учурунда байыркы түрк дооруна мүнөздүү темир үзөңгүлөр табылып, калыбына келтирилген. Ал эми 11– 14-к-га таандык көрүстөндөрдө аттын ордуна маркумдун бут жагына ат жабдыктары жайгаштырылган. Маркумдун жаш өзгөчөлүгүнө, жынысына жараша буюмдар кошо көмүлгөн. Мис., аялдын жанына чоң темир кайчы коюлса, коңшу көрүстөндөгү кыздын жанынан кичине кайчы табылган (о. эле кыздын баш жагында ж-а эки колунда 3 жез тыйын болгон). Ар бир маркумдун баш жагына койдун жото жилиги (чүкөлүү жилик) коюлган. Салтка айланган мындай жөрөлгө маркум болгон адамга тиги дүйнөдө күч берүүчү ишеним м-н байланыш-
тырылат. 1990-ж. археолог К. Ш. Табалдиев, 2002-ж. М. И. Москалев ж-а О. А. Солтобаев тарабынан изилденген.
К. Табалдиев.