БЕЛУ-ОРИЗОНТИ
БЕ́ЛУ-ОРИЗО́НТИ (Belo Horizonte) – Бразилиянын түш.-чыгышындагы шаар, Минас-Жерайс штатынын адм. борбору (1897). Калкы 2,4 млн (2005). Серра-ду-Эспиньясу тоосунун этегинде жайгашкан. Темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Аэропорту бар. 1895-ж. негизделген, 20-кдын 2-жарымында бир нече асман тиреген үйлөр курулган. Собор, ун-ттер (католик, иск-во ж. б.), штаттын филология академиясы, калк китепканасы, иск-во сарайлары (кинотеатрлар, китепканалар, сүрөт гал., театрлар ж. б.), тарых музейи бар. Ботан. бак уюшулуп, зоопарк иштейт. Өлкөнүн тоокен өнөржайынын (темир, марганец кенташтары, алтын, асыл таштар) борбору. Кара металлургия, электр-тех., текстиль, тамак-аш, хим., фармацевтика, полигр., булгаары-буткийим өнөржай ишканалары, шаардын айланасында «Фиат» автомобиль з-ду иштейт. Б.-О-ге жакын спорттук ж-а туристтик шаарча – Пампулья жайгашкан. Анда Сан-Франсиску чиркөөсү, казино, яхта-клуб, дансинг бар.