БЕЛЬКАНТО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛЬКА́НТО (итал. bel canto – сонун, кооз ыр­доо) – вокалдык стиль. 17-к-да Италияда пайда болгон. Колоратуралык Б. ашкере уккулуктуу­лугу м-н айырмаланат. Б. улам жаңы көркөм ыктар, вокалдык кооз боёктор м-н байып, башка улуттардын ырчылык өнөрүнө таасир тийгизген.