БЕЛЯНДРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛЯ́НДРА Василий Яковлевич (5.1.1914, Кос­танай обл., Костанай р-ну, Достовский кыш. – 12.3.1967, Чүй обл., Кемин р-ну, Боролдой айы­лы) – Сов. Союз. Баатыры (1943). Советтик Ар-



мияга чакырылганга чейин (1941) Кемин р-нундагы Ильич атн. совхоздо ком­байнчы бол у п и шт еген. 1943-ж. мотоаткычтар бри­гадасында взводдун (Воро­неж фронту, 3-гвардиялык танкалык армия, 7-гварди­ялык танкалык корпус) ко­мандири болуп дайындал­ган. Киевди бошотуу үчүн 1- Украина фронтунун аскерлеринин салгылашын­да Б. өзүнүн взводу м-н Днепрден биринчилер­ден болуп өтүп (1943), Трахтемиров кыш-н (Киев обл., Канаев р-ну) ээлейт. Эки сутканын ичин­де Б-нын взводу душмандын 7 контрчабуулу­нун мизин кайтарган. Бул салгылашуудагы эр­диги үчүн Сов. Союз. Баатыры наамына арзы­ган. 1945-ж. Берлинди алууга ж-а Праганы бо­шотууга өз салымын кошкон. 1945-ж. 24-июнда Москвада өткөн Жеңиш парадына катышкан. Согуштан кийин Боролдой айылында МТСте ме­ханик болуп иштеген. Ленин, Кызыл Туу, Алек­сандр Невский, 1-даражадагы Ата Мекендик со­гуш, Кызыл Жылдыз ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.