БЕН БЕЛЛА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕН БЕ́ЛЛА Ахмед (25.12.1916-ж. т., Магния) – Алжирдин мамл. ж-а саясий ишмери. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында француздук армия­нын катарында кызмат өтөгөн. 1947-жылдан Францияга каршы Алжир улуттук-боштондук кыймылынын жашыруун «атайын аскердик уюмун» жетектеген. Рев-яга үгүттөгөндүгү үчүн 1950-ж. француздар тарабынан камакка алы­нып, 1952-ж. Египетке качкан. Андан соң Ал­жирдин Улуттук боштондук фронтун (УБФ) түзүп, Францияга каршы куралдуу көтөрүлүштү жетектеген. 1956-ж. кайрадан кармалып, Фран­цияга алынып келинген. Эвиан макулдашуула­рынын шарты б-ча түрмөдөн бошотулуп (1962), Алжир көзкаранды эместикке жетишкенден ки­йин, 1962–65-ж. премьер-министр, 1963-жылдан Алжир Респ-нын тунгуч президенти болгон. 1965-ж. Б. Б-нын өкмөтү полковник Хуари Бу­медьен жетектеген аскердик төңкөрүштүн натый­жасында кулатылып, ал 1979-ж. чейин түрмөдө отурган.