БЕНГАЗИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕНГА́ЗИ – Ли виянын т үн.-чыгышындагы шаар. Бенгази провинциясынын адм. борбору. Калкы 650,6 миң (2005); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 2-шаар (Триполиден кийин). Б. аркы­луу Триполи–Тобрук автомобиль жолу өтөт. Же­рортолук деңиздин Сидра булуңундагы порт. Эларалык аэропорту бар. Б-нин ордунда б. з. ч. 7–5-к-дар ченде байыркы грек колониясы Эуэс­перида негизделген. Б. з. ч. 4-к-да шаар Берени­ке (Египет фараону Птолемей IIIнүн аялынын урматына) аталып, Киренаика провинциясы­нын борбору болгон. 15-к-да мусулман Бен Га­зинин (Сиди Газа) ысымынан аталган. 1517– 1911-ж. Осмон империясынын курамында. 1912–42-ж. Италиянын аскер-деңиз базасы. 1942–51-ж. Англия оккупациялаган. Ливия көзкарандысыздыкка ээ болгондон 1951–70-ж. Ливия королдугунун борборлорунун бири. Ун-т (1955), ун-ттин китепканасы, музей, театр иш­тейт. Соода борбору (дан эгиндери, курма, зай­тун, жүн, үй жаныбарлары). Нефть ажыратуу, тамак-аш (а. и. пиво кайнатуу), текстиль, бул­гаары, цемент өнөржайлары бар. Дүйнөдөгү эң ири деңиз суусун тузсуздандыруучу з-д иштейт. Былпылдактар, тунец ж. б. балыктар карма­лат. Туз казылып алынып, шаардын чет-жака­сында иштетилет. ЖЭС курулган. Б-нын чет­жакасында Беренике ш-нын байыркы калдык­тары, эллада ж-а рим мезгилинин аска бетин­деги күмбөздөрү, Адриана акведугу (117–138-ж. чен) сакталган.