БЕНГАЛ БУЛУҢУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕНГА́Л БУЛУҢУ Инди океанында, Индстан ж-а Индикытай ж. а-нын аралыгында. Аянты 2191 миң км2. Эң терең жери 3954 м, Ганг ж-а Брахмапутра д. куят. Туздуулугу 34‰ге чейин. Суткасына эки жолу ташкындайт (бийикт. 10,7 мге чейин). Макрель, скумбрия, тунец, камба­ла, устрица, голотурия балыктары кармалат. Негизги порттору – Калькутта (Ганг д-нын дель­тасында), Мадрас (Индия) ж-а Читтагонг (Бан­гладеш).