БЕНГАЛ БУЛУҢУ
БЕНГА́Л БУЛУҢУ Инди океанында, Индстан ж-а Индикытай ж. а-нын аралыгында. Аянты 2191 миң км2. Эң терең жери 3954 м, Ганг ж-а Брахмапутра д. куят. Туздуулугу 34‰ге чейин. Суткасына эки жолу ташкындайт (бийикт. 10,7 мге чейин). Макрель, скумбрия, тунец, камбала, устрица, голотурия балыктары кармалат. Негизги порттору – Калькутта (Ганг д-нын дельтасында), Мадрас (Индия) ж-а Читтагонг (Бангладеш).