БЕНЕФИЦИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕНЕФИ́ЦИЙ (лат. beneficium – жакшылык) – 1) Байыркы Римде императорлор тарабынан элге берилген ар түрдүү жеңилдиктер (карыздан куткаруу, алык-салыктан бошотуу, наам берүү


ж. б). 2) Батыш Европада алгачкы о. кылымда адм. же аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн ко­роль же ири жер ээси тарабынан белгилүү мөө­нөткө берилүүчү сыйлык (көбүнчө жер түрүндө). Б. Франк мамлекетинде Карл Мартеллдин бе­нефициялык реформаларынан кийин тарала баштаган. Акырындап убактылуу пайдала­нылуучу жерлер түбөлүк мураска бериле баш­тап, Б. феодалдык менчикке – феодго айлан­ган. 3) Католик чиркөөсүндө дин кызматкерин кирешелүү кызмат берип сыйлоо.