БЕНЕШ
БЕ́НЕШ Эдуард (28.5.1884, Кожлани, Чехия – 3.9.1948, Сезимово-Усти, Чехия) – Чехословакиянын мамл. ишмери. 1915–18-ж. Парижде түзүлгөн Чехословакиялык улуттук Советтин Генералдык секретары. Б. Чыгыш Европадагы күчтөрдүн тең салмактуулугун сактоо максатында Кичи Антантаны (1921) түзүүчүлөрдүн бири. Ал Улуттар Лигасынын ишмердүүлүгүн чечкиндүү түрдө колдогон, Улуттар Лигасынын Коопсуздук Советинин (1923–27) ж-а К-тинин (1927– 38) мүчөсү. 1918–35-ж. Чехословакиянын тышкы иштер министри, 1935–38-ж. президенти. Мюнхен макулдашуусунан кийин отставкага кеткен. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Чехословакиянын эмиграциядагы өкмөтүн жетектеген (1940-жылдан). 1945-ж. мекенине кайтып келген ж-а 1946–48-ж. Чехословакиянын президенти болуп шайланган. 1948-ж. февралда коммунисттердин бийликти басып алуусунан кийин отставкага кеткен.