БЕНЗOПИРЕН
БЕНЗOПИРЕ́Н (С20Н12) – полициклдик ароматташтырылган көмүртек тобундагы зат; канцерогендик касиетке ээ. Курчаган чөйрөнү активдүү булгоочу заттардын бири. Көбүнчө өнөржайдын газ таштандыларында, автомобиль транспортунан бөлүнүп чыккан газдарда (айрыкча дизелдик отун колдонулган кыймылдаткычтарда), о. эле иштетилген кыймылдаткыч майында ж-а чылым түтүнүндө ж. б. газдарда кездешет.
Атмосферага бөлүнүп чыккан таштанды газдардын салмагы Россиянын ж-а ага чектеш өлкөлөрдүн аймактары б-ча жылына 127 т ны түзөт. Кара ж-а түстүү металлургия өнөржайынан 40%, туракжайларды жылытуудан 26%, хим. өнөржайдан 16% Б. бөлүнүп чыгат. Англияда жылына 71 т, Германияда 83 т, Францияда 58 т, Россияда 70 т дан ашык өлчөмдөгү (айрыкча Братск, Красноярск, Новокузнецк ж. б. ш-дын абасында) Б-дин бөлүнүшү байкалууда.