БЕНИН-СИТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕНИ́Н-СИ́ТИ – Нигериянын түш. бөлүгүндө жайгашкан шаар. Эдо штатынын адм. борбору. Калкы 1,1 млн (2005). Жолдор тоому. Элара­лык аэропорту бар. 13–19-к-дагы Б-нин мамл­нин борбору. Бенин музейи (байыркы Бенин скульптураларынын коллекциясы), ун-т, кау­чук ил.-из. ин-ту, соода борбору (май пальма­сынын продуктулары, кола жаңгагы, какао­буурчак, каучук, жыгач материалдары, пил сөөгү, калемпир), хим., нефть-хим. (каучукту кайра иштетүүчү, шина өндүрүшү), жыгаччы­лык, тамак-аш, жеңил, мебель өнөржайлары бар, көркөм промысели (жыгачты, пил сөө­гүн кооздоо, коло куюп буюм жасоо) өнүккөн. Б.-С-ге жакын жерден нефть казылып алынат.