БЕНТОНИТ
БЕНТОНИ́Т (АКШдагы Бентон деген жердин атынан) – монтмориллонит тобундагы минералдардан турган чополуу тоотек. Б. деңиз же көл түбүндө жанартоо тектеринин хим. өзгөрүүлөрүнөн пайда болот. Б. чополору Түш. Кырг-нда (Бешкент кени) бар. Б. эң жакшы адсорбент катары өсүмдүк м-н малдын майын, шарап тазалоодо, бургулоо иштеринде ж. б. пайдаланылат.