БЕРБЕРА
БЕРБЕ́РА – Сомалинин түн.-батыш бөлүгүндөгү шаар. Калкы 242,4 миң (2005). Өлкөнүн Аден булуңунун жээгиндеги эң негизги порту [жылына 0,4 млн т жүк ташылат; сыртка мал (тирүүлөй), тери сырьёлору негизинен араб өлкөлөрүнө чыгарылат]. Жолдор тоому. Аэропорту бар. Араб географтарынын эмгектеринде 13-к-дан эскерилет. 1875-ж. Египет басып алган. 1884–1941-ж. Британия Сомалисинин борбору. Египет храмынын урандылары, эски суу куурлары сакталган. Курулуш материалдар өндүрүшү (цемент, гипс) иштейт. Балык кармалат. Б-нын түштүгүндө ниобий кени казылып алынат.