БЕРБЕРЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРБЕРЛЕР (өздөрүн а м а з и ч, а м а х а ч деп аташат) – Түн. Африканын (Марокко, Алжир, Тунис) жерг. калкы, о. эле Египет, Ливия, Мав­ритания, Мали, Нигер, Нигерия ж. б. өлкөлөрдө жашаган элдердин тобу. Жалпы саны 30 млндой киши (2005). Бербер тилинин диалектисинде ж-а басымдуу көпчүлүгү араб тилинде сүйлөшөт. Дини – мусулман-суннит, о. эле харижит, иуда­исттер ж-а христиандар да бар. Б. уруусунун негизги топтору: тамазигт, риф, шлёх, туарег, кабил ж. б. Б. – Түн. Африканын байыркы кал­кы. Алардын ата-бабалары ж-дө техену деген аталыш м-н б. з. ч. 4-миң жылдыктын аягына таандык Египет жазмаларында 1-жолу эскери­лет. Кийин египеттиктер аларды лебу же либу (мындан ливиялыктар деген аталыш пайда бол­гон) деп атай башташкан. Б. этноними Түн. Аф­риканы арабдар басып алгандан кийин (7–8-к.) белгилүү болгон. Арабдар алгач «бербер» терми­нин «араб эмес», «каапыр» деген мааниде пай­даланышкан. Арабдар басып алган соң, өзгөчө 11–12-к-да Б-ди арабдаштыруу ж-а исламдаш­тыруу саясаты жүргүзүлүп, алар араб мад-тын, каада-салтын, тилин, динин (ислам) кабыл алышкан. Азыркы мезгилде Б-дин көпчүлүгү отурукташкан. Негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык м-н кесип кылышып, таштан ж-а жыгачтан салынган үйлөрдө, көчмөндөр палат-


ка-чатырчаларда жашашат. Б-де туугандык-уру­учулук сакталып калган. Урууну уруу башчы­сы башкарып, чарбалык ж-а ички-тышкы ма­селелерди аксакалдар кеңеши чечет.