БЕРБЕРЛЕР
БЕРБЕРЛЕР (өздөрүн а м а з и ч, а м а х а ч деп аташат) – Түн. Африканын (Марокко, Алжир, Тунис) жерг. калкы, о. эле Египет, Ливия, Мавритания, Мали, Нигер, Нигерия ж. б. өлкөлөрдө жашаган элдердин тобу. Жалпы саны 30 млндой киши (2005). Бербер тилинин диалектисинде ж-а басымдуу көпчүлүгү араб тилинде сүйлөшөт. Дини – мусулман-суннит, о. эле харижит, иудаисттер ж-а христиандар да бар. Б. уруусунун негизги топтору: тамазигт, риф, шлёх, туарег, кабил ж. б. Б. – Түн. Африканын байыркы калкы. Алардын ата-бабалары ж-дө техену деген аталыш м-н б. з. ч. 4-миң жылдыктын аягына таандык Египет жазмаларында 1-жолу эскерилет. Кийин египеттиктер аларды лебу же либу (мындан ливиялыктар деген аталыш пайда болгон) деп атай башташкан. Б. этноними Түн. Африканы арабдар басып алгандан кийин (7–8-к.) белгилүү болгон. Арабдар алгач «бербер» терминин «араб эмес», «каапыр» деген мааниде пайдаланышкан. Арабдар басып алган соң, өзгөчө 11–12-к-да Б-ди арабдаштыруу ж-а исламдаштыруу саясаты жүргүзүлүп, алар араб мад-тын, каада-салтын, тилин, динин (ислам) кабыл алышкан. Азыркы мезгилде Б-дин көпчүлүгү отурукташкан. Негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык м-н кесип кылышып, таштан ж-а жыгачтан салынган үйлөрдө, көчмөндөр палат-

ка-чатырчаларда жашашат. Б-де туугандык-уруучулук сакталып калган. Урууну уруу башчысы башкарып, чарбалык ж-а ички-тышкы маселелерди аксакалдар кеңеши чечет.