БЕРГ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРГ Лев Семёнович [2(14).3.1876, Молдова, Бен­деры – 24.12.1950, Ленинград)] – физ. географ, биолог, СССР ИАнын академиги (1946; корр. мүчө, 1928). РСФСРдин илимге эмг. сиң. ишме-

ри (1934). Дүйнөгө белгилүү илимпоз энциклопедиячы. 1898-ж. Мос к в а у н-т и н бүтүргөн. 1916-жылдан Пе­тербург ун-тинин физ. геогр. кафедрасында проф., 1940– 50-ж. СССР география коо­мунун президенти. Лимно­логия, климатология, гео­морфология, топурактаа­нуу, палеогеография, ихтио­логия, география теориясы м-н тарыхы ж. б. илим тармактары б-ча 700дөн ашык эмгек жазган. Б. ландшафттаанууга негиз салып, В. В. Докучаевдин табигый зоналар ж-дөгү идеясын өнүктүргөн. Батыш Сибирь көлдөрүн, Балкаш, Ысыккөл, Севан, Арал де­ңизи, Ладога көлдөрүн ж. б. изилдөөлөрү м-н лимнология илимине салым кошкон. Б. Кырг­нда 4 жолу (1903, 1906, 1928, 1930) болуп, Ысык­көлдүн жаратылышын, климатын, гидрология­сын, өзгөчө балыктарын, Түркстан кыркатоо­сунун мөңгүлөрүн изилдеген. Ал башкарган эк­спедициялар Ысыккөлдүн тереңдигин (эң те­реңи 668 м, орт. тереңдиги 279 м), рельефин, термиясын, суу көлөмүн (1731 км3), анын тоң­боо себебин ж. б. кубулуштарын аныктаган, көлдүн батиметриялык 1-картасын түзгөн. Ба­лыктары эндемиктер болгондуктан, Ысыккөлдү жеке ихтиологиялык бөлүк деп караган. Анын сунушу б-ча Ысыккөлгө, Кырг-ндын башка суу­ларына жаян (сом), каңылтыр (тыран) ж. б. коё берилген. СССР Мамл. сыйл. лауреаты (1951), 2 орден, 2 медаль м-н сыйланган.

Эмг.: Избранные труды. Т. 1–5, М. 1956–1962. <ParaBr>Ад.: Памяти академика Л. С. Берга. М.; Л., 1955; «Изв. Кирг. филиала Всесоюзн. геогр. общества». 1963, в. 4 (выпуск посвящен акад. Л. С. Бергу).