БЕРГМАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́РГМАН Ингмар (14.7.1918-ж. т., Швеция, Упсала) – швед кино ж-а театр режиссёру, сце­нарист. 1944-ж. Хельсинборг ш-дык театрда ре­жиссёр. 1959-жылдан Стокгольмдогу драма те­атрында башкы режиссёр, директор. Киноиш­мердиги 1943-жылдан башталган. 1963–66-ж. Стокгольмдогу королдук драма театрында ж-а

Ингм а р Бер г м ан .«Б ет » фил ьм ин ен кадр. 1958.

Мюнхендеги Резиденцтеатрда башкы режиссёр. Белгилүү фильмдери: «Жайкы түндүн ажары» (1955), «Бүлдүркөн талаасы» (1957), «Бет» (1958),

«Булак» (1959). Анын гуманисттик багыттагы, татаал, терең мазмундуу фильмдерине «Жетин­чи мөөр» (1957), «Персона» (1966), «Шыбыроо жана өкүрүк» (1972) кирет. Ал фильмдеринин сценарийин көбүнчө өзү жазган. «Күз сонатасы» (1978), «Фанни жана Александр» (1983) фильм­дери өзгөчө баага татыйт. Б-дын көптөгөн фильм­дери эларалык кинофестивалдарда сыйлык ал­ган.

А. Пазылов.