БЕРДЯЕВ
БЕРДЯ́ЕВ Николай Александрович (6.3.1874, Киев – 24.3.1948, Франция, Кламар) – орус диний философу. Дворяндардын үйбүлөсүнөн чыккан. Киев ун-тинде окуган. Окуп жүргөн жылдары социалдык-демокр. кыймылга катышып, репрессияга кабылган. 1922-ж. Сов. Россиядан куулган. 1925–40-жылдан Францияда жашап, «Жол» аттуу диний-филос. журналды негиздеп, чыгарып турган. «УМСА – Press» («Жаштардын христиан союзу») басмасын жетектеген. Ал марксизмден диний экзистенциализм ж-а персонализм рухундагы эркиндик ж-а инсан философиясына өтөт. Эркиндик, рух, инсан ж-а чыг-лык, жамандык, кыйноо ж-а кулчулук өкүм сүргөн дүйнөгө, зарылчылыкка каршы коюлат. Б-дин пикири б-ча тарыхтын маңызы, аны тарыхый мезгилден сырткары мистикалык түшүнүүдө жатат. Анын «Чыгармачылыктын маңызы», «Орус идеясы», «Эркин рухтун философиясы» ж. б. эмгектери белгилүү.