БЕРИЛЛИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРИ́ЛЛИЙ (Berillium), Be – элементтердин мезгилдик системасынын 2-тобунан орун алган хим. элемент, ат. м. 9,0122, ачык боз түстөгү, жеңил металл. Туруктуу бир изотобу 9Be бар. 1798-ж. француз химиги Л. Воклен берилл ми­нералынын курамынан тапкан. Металл түрүн­дөгү Б-ди 1-жолу 1828-ж. нем. химиктери Ф. Ве-


лер ж-а А. Бюсси бир убакта Б. хлоридин ка­лий м-н калыбына келтирүүдөн алган. Ал – сей­рек учуроочу элемент. 1285°Сде эрип, 2790°Сде кайнайт. Металлдардын ичинен жылуулук сый­ымд. ж-а өткөргүчтүгү жогору, электр каршы­лыгы төмөн, морт металл. Хим. бирикмелеринде 2 валенттүү; хим. жактан абдан активдүү, би­рок оксидинин (BeO) жука кабыгы м-н каптал­ган абалда туруктуу. Плавик, туз, суюлтулган күкүрт к-таларында эрийт. Концент. ж-а суюл­тулган HNO3 м-н жогорку темп-рада гана ара­кеттенет. Суутек м-н түздөн-түз кошулбайт. Жогорку темп-рада көпчүлүк металлдар м-н кошулуп, бериллиддерди, азот м-н нитридди Be3N2, көмүртек м-н карбидди Be2C, галогендер м-н галогениддерди пайда кылат. Гидроксиди

Ве(ОН) начар негиз, амфотердүү касиетке ээ.

Көпчүл2үк туздары сууда жакшы эрийт. Начар эриген туздарына фосфаты Be3(PO4)2·XH2O ки­рет. Б. туздарынын эритмелери гидролиздин натыйжасында кычкыл чөйрөгө ээ болот. Ал берилл минералынан алынган Б. фторидин Mg м-н калыбына келтирүү, Б. хлориди м-н натрий хлоридинин аралашмасын электролиздөө м-н алынат. Түрдүү куймаларды алууда, атом реак­торлорунда, авиация ж-а космос техникасында колдонулат. Б-дин кычкылтек м-н бирикмеси ВеО ак кристалл зат, сууда эрибейт, к-талар, жегичтер м-н туздарды пайда кылат. Отко чыдамдуу ти­гель, карапа даярдоо үчүн, ядролук реактордо, орг. синтезде катализатор катары колдонулат.