БЕРИЛЛИЙ КЕНТАШТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРИ́ЛЛИЙ КЕНТАШТАРЫ – техника м-н эко­номиканын өнүгүшүнүн учурдагы деңгээлине ылайык, курамында казып алууга жарамдуу өлчөмдө бериллий металлы бар тоотектер же минералдардын чогундусу. Бериллий металлы кенташта (рудада) көбүнчө минералдар түрүндө, кээде тоотектердин курамында изоморфтук ара­лашма катары болот. Б. к-н түзүүчү бериллий­дин негизги минералдары: берилл (курамында ВеО 10–12%), фенакит (42–45%), бертрандит (40–42%), гельбертрандит (32–35%), хризобе­рилл (10–20%), гельвин ж-а гентгельвин (10– 12%). Б. к-нын кендери гранит ж-а субжегичтүү гранитоид интрузиялары м-н байланышып, не­гизинен постмагмалык процесстерден пайда бо­лот. Алар бериллийлүү гранит пегматиттер (0,05–0,09% ВеО), гельвиндүү ж-а хризоберилл­дүү скарндар (0,1–0,15%), бериллийлүү грейзен­дер м-н кварц тарамдары (0,1–0,15%) ж. б. сы­яктуу өнөржайлык маанидеги бир нече типке бөлүнөт. Кендери О. Азия, Казакстан, АКШ, Колумбия, Бразилия, Түш. Африка Респ-сында ж. б. жерлерде бар.