БЕРИНГ ДЕҢИЗИ
БЕ́РИНГ ДЕҢИЗИ – Тынч океандагы жартылай туюк деңиз. Азия м-н Түн. Американын (Аляска) аралыгында; океандын негизги бөлүгүнөн Алеут ж-а Командор а. аркылуу бөлүнөт. Беринг кысыгы аркылуу Чукча деңизи м-н туташат. Аянты 2315 миң км2. Эң терең жери 5500 м. Жээги бийик, аскалуу. Ири булуңдары: Анадырь ж-а Олютор (Россиянын жээгинде), Нортон ж-а Бристоль (Аляска, АКШ). Ири аралдары: Карага, Ыйык Лаврентий, Нунивак, Прибылов. Анадырь м-н Юкон д. куят. Суунун темпрасы жайында түндүгүндө 5–6°С, түштүгүндө 9– 10°С. Жылдын көп мезгилинде калкыма муздар каптайт. Туздуулугу 30–33‰. Түн.-батышында суткасына 2 жолу, калган бөлүктөрүндө беймаал ташкындайт (Бристоль кысыгында бийикт. 8,3 мге чейин). Балык (лосось, камбала, сельдь, сайра, минтай) кармалат. Деңиз мышыгы, түлөн промыселдери өнүккөн. Жээктеринде ж-а аралдарда «канаттуулар базары» бар. Башкы порттору: Анадырь, Провидения (Россия) ж-а Ном (АКШ). Деңиз Берингдин ысмынан аталган.