БЕРИНГ КЫСЫГЫ
БЕ́РИНГ КЫСЫГЫ Азия м-н Түн. Американын аралыгында. Түн. Муз океанды (Чукча деңизи) Тынч океан (Беринг деңизи) м-н туташтырат. Уз. 96 км, эң кууш жери 86 км, эң тайыз жери 36 мге чейин. Кысык б-ча Диомид а-нын ортосунан Россия м-н АКШнын мамл. чегарасы өтөт. Кысык Берингдин ысмынан аталган.