БЕРКЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРКЕ (1209–1266) – Алтын Ордонун ханы (1255–66). Жучунун үчүнчү уулу, Батыйдын


иниси. Жучунун тушунда эле Дашт-и-Кыпчак ж-а Түркстан аймагын башкарган. Ал бийлик­ке келгенден кийин Алтын Ордо аймагында ис­лам дининин кабыл алынышы, ал жерде араб мад-тынын таралашына жагымдуу шарт түзгөн. Б-нин тушунда Алтын Ордо Моңгол империя­сына баш ийбей, өзалдынча болуп калган. Ал Актөбөгө Берке-Сарайын курдуруп, шаар 14-к­дын 1-жарымында Алтын Ордонун борбору бо­лот. Соода, колөнөрчүлүк өнүгүп, курулуш иш­тери жанданган. Б-нин доорунда Руста элден салык жыйноо максатында эл каттоо жүргүзүлүп (1257), салык жыйноо милдети баскактарга жүктөлгөн. Орус княздары өз аймактарын баш­карууну Б. хан тарабынан берилген атайын жар­лыктын негизинде гана жүргүзө алган. Баскак­тардын зомбулугу элдин нааразылыгын пайда кылып, 1259-ж. Новгороддо, 1262-ж. Суздалда, Ростовдо ж. б. жерлерде көтөрүлүштөрдүн чы­гышына себеп болгон. 13-к-дын 50-жылдары­нын аягында Литвага, Болгарияга ж. б. жер­лерге жортуул уюштурган. 1262-ж. анын аскер­лери тарабынан Византиянын ээликтери тал­каланган. Б. 1266-ж. Кавказга жортуул жаса­ган учурунда кайтыш болуп, сөөгү Сарай-Бер­кеге коюлган.