БЕРЛИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕР ЛИ́Н – Германия нын борбор шаары; өлкөдөгү ири шаар, анын экон., маданий ж-а ил. борбору. ГФРдин Федерациялык жери ста­тусуна ээ. Шпре д-на Хафель д. куя беришинде жайгашкан. Кеме жүрүүчү каналдар аркылуу Эльба ж-а Одер д. м-н туташат. Чоң Берлиндин борб. ж-а чыгыш бөлүгүндөгү Митте, Пренцлау­эр-Берг, Фридприхсхайн, Трептов, Кёпеник, Лих­тенберг, Вайсензе, Панков округдарын ээлейт. Аянты 891 км2. Калкы 1939-ж. 4,3 млн, 1945-ж. 2,8 млнго жакын, 1949-ж. 3,3 млн, азыр 3,4 млн (2005). 1990-жылдан өзалдынча адм. бирдик. Б. шаары 13-к-дын 1-жарымында пайда бол­гон. 1486-жылдан Бранденбургдун (кийин Прус­сиянын), 1871–1945-ж. Германиянын борбору. Европадагы 2-дүйнөлүк согуштун акыркы эта­бында, 1945-ж. 2-майда сов. аскерлер Б-ди ээлешкен. Фашисттик Германия талкаланган­дан кийин, Б-дин аймагы СССР, АКШ, Улуу Британия ж-а Франциянын оккупациялык зо­наларына бөлүнгөн. 1949-ж. 7-октябрда Герма­ниянын чыгыш бөлүгүндө Германия Демокр. Респ. (ГДР) түзүлүп, Б. анын борбору болуп жарыяланган. 1961-ж. Варшава келишими Уюмуна кирген мамлекеттердин өкүлдөрүнүн сунушу б-ча ГДР м-н Батыш Берлинди бөлүп

Шаардын көрүнүшү (алдыңкы планда «Европа-центр» ж-а кайзер Вильгельмдин мемориалдык чиркөөсү).


Берлиндеги «Музей арал».

турган Берлин дубалы курулган. 80-жылдардын аягындагы саясий өзгөрүүлөрдүн натыйжасын­да, 1990-ж. дубал алынып салынган. ГДРдин ГФР м-н биригүүсүнөн кийин (3. 10. 1990), Б. Бириккен Германиянын федералдык борбору статусун алган.

Электр-тех., электрондук, прибор, оор ж-а жалпы машина куруу, хим., хим.-фармацевти­ка (дары-дармектер ж-а кылдат орг. синтез про­дуктулары), жеңил, тамак-аш өнөржайы өнүк­көн. Маанилүү темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Шпре д-ндагы порт (жылына 2,6 млн тга жакын жүк ташылган). Метрополитен, Шёне­фельд (Б-дин түш.-чыгыш чет жагында), Тем­пельхоф ж-а Тегель эларалык аэропорттору, ИА, Гумбольдт атн. ун-т иштейт. Трептов пар­кында Сов. Армиянын жоокерлерине эстелик тургузулган. Улуттук гал., «Берлинер ансамбль», «Комише опер» ж. б. музейлери, зоопарктар бар. Готика стилиндеги чиркөөлөр (13–14-к.), барок­ко ж-а классицизм ансамблдери (17–19-к.) сак­талган. XI Олимпия оюндары (1936) өткөрүлгөн.