БЕРЛИН ДУБАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРЛИ́Н ДУБАЛЫ – Батыш ж-а Чыгыш Бер­линди бөлүп келген дубал. 1949-ж. Германия­нын аймагында эки мамлекеттин Германия Федеративдүү Респ-нын (ГФР) ж-а Германия Демокр. Респ-нын (ГДР) түзүлүшү м-н Батыш Берлин ГДРдин аймагындагы анклавга айлан­ган. ГДРдеги тоталитардык режимге нааразы болгон немистер Чыгыш Берлинден Батыш Бер­линге, андан ары ГФРге өтүп кетүүгө аракетте­нишип, 1945–61-ж. аралыгында 3 млндон ашык адам эмиграцияга кеткен. Б. д. 1961-ж. Берлин кризисинин учурунда Германия Демокр. Респ. тарабынан тургузулган ж-а катуу кайтарууга алынган. ГДР м-н ГФРдин биригүүсүнөн (3. 10. 1990) кийин, Б. д. өз маанисин жоготкон ж-а 1991-ж. толугу м-н алынып салынган.