БЕРЛИН КОНГРЕССИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРЛИ́Н КОНГРЕССИ (1878) – Россия м-н Түркия ортосундагы 1877–78-ж-дагы согушту жыйынтыктаган Сан-Стефано тынчтык келиши­минин шарттарын кайра кароо үчүн чакырыл­ган эларалык конгресс. Буга Россиянын, Анг­лиянын, Австрия-Венгриянын, Германиянын өкүлдөрү, о. эле Франция м-н Италиянын деле­гациялары катышкан. Конгрессте Германиянын канцлери Бисмарк төрагалык кылган. 1(13)- июлда Берлин трактатына кол коюлуп, Сан- Стефано келишиминин шарттары өзгөртүлгөн: ошол келишим б-ча Болгариянын курамына кирген Македония Түркияга кайтарылган; ав­тономия алган Болгариянын аймагы жарымы­нан көбүрөөк кыскарган; Түш. Балкандын бол­гарлар жашаган аймагында автономиялуу деп саналган, бирок чынында султанга көзкаранды Чыгыш Румелия мамлекети түзүлгөн; Сербия, Черногория, Румыния көзкаранды эмес өлкөлөр деп жарыяланган; Австрия-Венгрия Босния м-н Герцеговинаны оккупациялоого «укук» алган. Россиянын карамагында Закавказьедеги Карс ж-а Ардаган округдары, Батум ш. м-н Бессарабиянын

түш. тарабы калган. Б. к-нин бул бүтүмдөрү Бал­кан согушуна (1912–13) чейин күчүндө турган.