БЕРЛИН ОПЕРАЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРЛИ́Н ОПЕРАЦИЯСЫ (1945) – Улуу Ата Мекендик согуш (1941–45) убагындагы 1-Бела­рус, 2-Беларус ж-а 1-Украина (Сов. Союз. мар­шалдары Г. К. Жуков, К. К. Рокоссовский, И. С. Конев) фронтторунун 1945-ж. 16-апрелден 8-майга чейинки Берлинге чабуул коюу опера­циясы. Сов. аскерлер 1945-жылдын январь-мар­тында Чыгыш Пруссия, Польша ж-а Чыгыш Помераниядагы душмандын ири күчтөрүн тал-


калап, кеңири фронт м-н Одер ж-а Нейсе д-ла­рына чыгышып, Германия жерине терең кирип барышкан. Ал эми англ., амер. аскерлер бир эле мезгилде Батышка чабуулга өтүшкөн. Гит­лерчилер союздаштардын келишпестигинен пай­даланып, англ.-амер. башкаруучу чөйрөлөр м-н сепараттык тынчтык түзүүгө умтулган ж-а бар­дык күчүн сов. аскерлерге каршы жумшап, Бер­линге кире бериште күчтүү коргонууну уюшту­рушкан. Немецтик командование Берлин багы­тына генерал-полковник Г. Хейнрици башкар­ган армиялардын «Висла» тобунун ири группи­ровкасын ж-а генерал-фельдмаршал Ф. Шернер башкарган «Борбор» армиялар тобунун 4-тан­калык ж-а 17-армияларын топтогон. Берлинди коргоо үчүн Одер ж-а Нейсе д-ларынын батыш жээктеринде аралыгы 20–40 кмге жеткен 3 ка­тар коргонуу тилкесин түзүшкөн. Шаардын өзү да 3 катар туюк курчоого алынып, көчөлөрү чепке айландырылып, баррикадалар курулган. Берлинге чабуул коюу үчүн сов. командование 2,5 млн адам, 41600 замбирек м-н миномёт, 6250 танк ж-а өзү жүрүүчү замбирек, 7500 самолёт топтогон. Б. о. 16-апрелде башталат. 1-Беларус ж-а 1-Украина фронтторунун аскерлери душман­дын коргонуусун бузуп, Берлинди түн. ж-а түш. тарабынан айланып өтүп, 24-апрелде анын түш.- чыгыш четинен биригишет. 25-апрелде бул фронттордун аскерлери Кетцин р-нунда жолу­гушуп, душманды курчоого алышкан. 1-Бела­рус ж-а 1-Украина фронтторунун аскерлери Бер­линдин түш.-чыгышында курчоого алынган душ­мандардын аскерлерин 1-майда биротоло тал­калашат. 21-апрелден 2-майга чейин Берлиндин көчөлөрүндө күндүр-түндүр салгылашуулар бо­луп турган. 30-апрелде генерал-полковник В. И. Кузнецовдун 3-армиясы рейхстагды алуу үчүн салгылашууну баштап, ошол күнү кечинде рейхстаг алынып, анын төбөсүнө сержанттар М. А. Егоров м-н М. В. Кантария Жеңиш Туу­сун сайышкан. 2-майдын таңында Берлин гар­низонунун калган аскерлери биротоло талкала­нып, саат 15те Берлин коргонуусунун началь­ниги генерал Вейдлинг баш болгон душман ас­керлери туткунга алынган. Сов. аскерлер ба­тыштагы чабуулун улантып, 1-Украина фронту­нун аскерлери 25-апрелде Риза м-н Торгау р-ндо­рунун тегерегинде амер. 1-армиянын алдыңкы бөлүктөрүнө жолугушкан. 1-майда 1-Беларус фронтунун аскерлери Батыш Померанияда ж-а Макленбургда жеңиштүү чабуулдарын улантып олтуруп, 4-майда Балтика жээгине, Висмар, Шве­рин ж-а Эльба д-нан чыгышып, англ. аскерлер м-н кездешкен. 4–5-майда Воллин, Узедом ж-а Рюген а-дарын бошотушуп, 9-майда нем. фа­шисттик аскерлеринин капитуляциясын кабыл­доо үчүн Даниянын Борнхольм а-на өтүшкөн. Б. о-нын жүрүшүндө сов. аскерлер душмандын жөө аскерлеринин 70, танкалык 12 ж-а меха­никалашкан 11 дивизиясын толук талкалап, 480 миңге жакын адамын туткунга алышкан. Б. о-нда сов. аскерлердин өлгөнү, жарадар болгону ж-а дайынсыз жоголгону 304 миңден ашык адам болду; 2156 танкын ж-а өзү жүрүүчү замбирегин, 1220 замбирегин, миномётторун ж-а 527 самолё- тун жоготкон. Б. о-н аяктап, сов. аскерлер союз­даштардын аскерлери м-н бирдикте фашисттик Германияны биротоло талкалаган. 8-майда Гер­маниянын командованиесинин Кейтель башчы­лык кылган өкүлдөрү Германиянын кыңк этпей багынып бергендиги ж-дөгү актыга кол коюшкан.