БЕРЛИН ПАКТЫСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́РЛИН ПАКТЫСЫ (1940) – «Антикоминтерн­дик пактынын» негизги катышуучулары Гер­мания, Италия ж-а Япониянын ортосундагы согуштук союз түзүү ж-дөгү келишим. Келишимге 27-сентябрда Берлинде кол коюлган. Анын мүчөлөрү өзара саясий экон. ж-а согуштук жар­дам көрсөтүүгө милдеттенишкен. Б. п-на Герма­нияга көзкаранды болгон Венгриянын (1940-ж. 20-ноябрь), Румыниянын (1940-ж. 23-ноябрь) өкмөттөрү кирген. Кийинчерээк ага Финляндия, Испания, Таиланд, Хорватия, Маньчжоу-Гонун марионет өкмөттөрү кошулган. 2-дүйнөлүк со­гушта (1939–45) фашисттик блоктун жеңили­ши Б. п-нын жоюлушуна алып келди.