БЕРМА
БЕ́РМА – 1) плотинанын, каналдын, карьердин ж. б-дын жантаймасындагы (жээгиндеги) тектирче (тегиз тилкече). Ал жантайманын бекем болушу ж-а аны жамгыр, кар суулары жууп кетпесин үчүн жасалат. Карьерлерде туурасы 8– 15 м болгон трансп. Б. ж-а карьердин капталдарынын урашын сактай турган коргогуч Б. (3–5 м) курулат. 2) Окоп казганда сыртка ыргытылган топурак кайра ичине түшпөсүн үчүн окоп м-н үйүлгөн топурактын ортосунда калтырылуучу тилкече (туурасы 10 см).