БЕРМЕТЧЕНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРМЕТЧЕНДЕР – кош капкалуу моллюскалар классындагы бермет пайда кылуучу уруулар тобу. Тузсуз сууларда 2 уруусу жашайт. Рако­виналарынын уз. 12 смге жетет, сүйрүрөөк жу­муру, түсү кара. Личинкалары бакалоор көң­дөйүндө өсөт. Жылуу деңизде 100 жылга чейин жашайт. Деңизде жашоочу Pinctada уруусунун 10 түрү бар. Раковинасынын уз. 30 смге чейин. Деңизде 70 м тереңдикке чейин кездешет. Көбүн­чө колония түзүп жашашат. Бермет бездери аб­дан өнүккөн. Раковинада пайда болгон бермет моллюска чоңойгон сайын чоң болот. Б.– илгер­тен промысел объектиси. Кээ бир өлкөлөрдө атайы өстүрүлөт. Мис., Япония жыл сайын 100 тга жакын (500 млн даана) бермет алат. Б-дин седеп кабаты кооз буюм (топчу, мончок) жасоо­до колдонулат.