«БЕРМУДА ҮЧ БУРЧТУГУ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БЕРМУ́ДА ҮЧ БУРЧТУГУ» – Атлантика океа­нындагы навигация үчүн өтө татаал табигый кубулуштар болуп туруучу суу мейкиндиги. Флорида ж. а. Бермуда, Пуэрто-Рико а-нын ара­лыгын камтыйт. Бул аймакта зор суу иримде­ри (ринг агымдары), тик багытта ыкчам оош­кон аба массасы, өтө тез пайда болуп, кайра тез жок болуп кетүүчү деңиз куюндары, кадимки ак булуттан пайда болгон чагылган, ачык ас­мандын турбуленттүүлүгү ж. б. кубулуштар тез­тез кайталанып турат. Натыйжада кемелер же алардын экипаждары, самолёттор ж. б. аппа­раттар белгисиз себептерден дайынсыз жогол­гондугу же апаатка арбын учуроосу көп кат­талган. «Үч бурчтук» аймагында суу айрыкча көгүлтүр, тунук. Изилдөөлөрдүн негизинде де­ңиз суусунун темп-расы 500 м тереңдикке че­йин бир калыпта (18°С) экендиги аныкталды. Акватория ихтиофаунага, суу балырларына ж-а маржанга (кораллга) бай. Мындай татаал таби­гый кубулуштардын пайда болуу себептери б-ча бир нече божомол бар. Алардын негизгиле­ри: 1) мындагы бардык кубулуштардын себеби океан түбүнөн бөлүнүп чыккан метан газы; океан түбүнөн көтөрүлгөн метан газы өзү м-н кошо фос-

Бермуда үч бурчтугундагы навигациялык кубулуш­тардын бири.

фин (фосфор м-н суутектин газ абалындагы) бирикмесин ала чыгат, натыйжада күйүүгө түздөн-түз шарт түзүлөт; 2) мындагы кубулуш­тар Атлантика океанындагы «Б. ү. б.» аркылуу

өткөн тектон. жаракага байланыштуу; бул аймакта жылына 50 миңден ашык жер ти­тирөө болуп турат, о. эле жаракага жакын жай­гашкан жанартоолор атылганда түркүн газ­дардын деңиз үстүнө бөлүнүп чыгышы; 3) бар­дык кубулуштар «Үч бурчтуктун» тегерегинде болуп жаткан магниттик аномалияга байла­ныштуу.

Ад.: Лесняк Е., Дорошенко А. НЛО и Бермудский треугольник. НиТ, 2000; Куше Л. Бермудский тре­угольник: мифы и реальность. НиТ, 2002; Островский Б. Ч. Бермудский треугольник: какая гипотеза ближе к истине? НиТ, 2004. Ө. Бараталиев.