БЕРН
БЕРН – Швейцариянын борбор шаары (1848- жылдан), Берн кантонунун (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Ааре д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 123 миң (2005, чет-жакасы м-н 300 миң). Маанилүү жолдор тоому. Эларалык аэропорту бар. Машина куруу (а. и. электр-тех., прибор

куруу), хим.-фармацевтика, кийим тигүү, полиграфия, тамак-аш (а. и. шоколад) өнөржайы иштейт. Туризм борбору, 20-к-дын башында орус рев-ялык эмиграция борборунун бири болгон. Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун бюросу, Эларалык телебайланыш союзу ж. б. эларалык уюмдар иштейт. Швейцария, Альп, Почта, Тарыхый, Көркөм ж. б. музейлери; обсерватория, ботан. бак бар. 1191-ж. негизделген. 1218-ж. империялык Эркин шаар статусуна ээ болуп, 1353-ж. Швейцария Конфедерациясына кирген. О. кылымдагы
чептер (15-к.), готика стилиндеги Санкт-Винценц собору (1421–1588), ратуша (1406–17), арх-ралык эстеликтер сакталган.