БЕРНУЛЛИЛЕР
БЕРНУЛЛИЛЕР (Bernoulli) – швейцариялык илимпоздор үйбүлөсү. Я к о б Б. (27.12.1654, Базель – 16.8.1705, ошол эле жерде) – математик, Базель ун-тинде проф. (1687). Иниси Иоганн м-н бирдикте вариациялык эсептөөгө жол салган. Анын изопериметрдик маселеси өзгөчө мааниге ээ болуп, брахистохрона маселесин чечкен. Чоң сандар законунун бир көрүнүшү болгон Бернулли теоремасын «Искусстводогу болжолдоолор» («Ars conjectandi», Basileae, 1713) эмгегинде далилдеген. Бирдей даражадагы натуралдык сандардын суммасын эсептөөдө Бернулли санын ачкан. Физиканын айрым облусу б-ча да эмгектери бар. И о г а н н Б. (27.7.1667, Базель – 1.1.1748, ошол эле жерде) – математик, Якоб Б-нин иниси, Петербург ИАнын Ардактуу мүчөсү (1725), Гронинген (Голландия, 1695) ж-а Базель (1705) ун-ттеринин проф. Дифференциалдык ж-а интегралдык эсептөөлөрдү иштеп чыгууда нем. математиги Г. Лейбниц м-н бир катар ачылыштарды жасаган. Дифференциалдык ж-а интегралдык эсептөөлөрдүн биринчи системалуу баяндамасын сунуш кылып, кадимки дифференциалдык теңдемелердин чыгарылышынын айрым ыкмаларын иштеп чыккан. Геод. сызыктар ж-дөгү классикалык маселени чыгарып, аны мүнөздөөчү геом. касиеттерин, кийин алардын дифференциалдык теңдемелерин тапкан. Механикадагы согуу теориясы, карама-каршылыктуу чөйрөдөгү нерсенин кыймылынын теориясы ж. б. тармактар б-ча эмгектери бар. Д а н и и л Б. (29.1.1700, Гронинген – 17.3.1782, Базель) – Иоганн Б-нин уулу. Физиология, медицина, айрыкча математика ж-а механика илимдери б-ча көп иштеген. Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү, Базель ун-тинде физиология (1733) ж-а механика (1750) б-ча проф. Математика б-ча алг. теңдемелердин кайрылма катардын жардамы м-н сандык чыгарылыш ыкмасы, кадимки дифференциалдык теңдемелер, ыктымалдык теориясы, астрономия, катарлар теориясы б-ча эмгектерин жараткан.