БЕРТОЛЛЕТ ТУЗУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРТО́ЛЛЕТ ТУЗУ , х л о р д у у к ы ч к ы л к а л и й, KСlO3 – түссүз, тунук кристалл; сууда эрийт; орг. заттар м-н аралаштырып сүргөндө күйөт ж-а жарылат. Ал канды ажыратуучу өтө уулуу зат. Кан гемоглобинин метгемоглобинге өткөрүп, кызыл кан денечелеринен тромбдорду пайда кылат. Аны м-н ууланганда демалуу органдары иштебей калат. Медицинада стома­тит болгондо, кариести алдыналууда оозду чай­коо үчүн колдонулат. Алгач фр. химик И. Л. Бер­толле бөлүп алган.