БЕССАРАБИЯ
БЕССАРА́БИЯ – Кара деңиз м-н Дунай, Днестр, Прут ж-а Ракитна д-нын аралыгындагы тарыхый аймак. 19-к-дын башына чейин Б. деп Прут ж-а Днестр д-нын аралыгындагы аймак аталып келген. 10–11-к-да Б. Байыркы Орус мамлекетинин, кийин Галиция ж-а Галиция- Волынь княздыктарынын курамына кирген. 14-к-дан Молдова княздыгынын курамында, 16-к-дын башында Түркия тарабынан каратылган. 1812-жылдан Россия империясына, 1918– 40-ж. Румынияга кирген. 1940–91-ж. СССРдин курамында. Азыркы учурда Б. Молдова Респнын негизги аймагын түзөт, ал эми айрым бөлүктөрү Украинанын Одесса обл-нун аймагында.