БЕССМЕРТНОВА
БЕССМЕ́РТНОВА Наталия Игоревна (19. 7. 1941-ж. т., Москва) – орус балет артисти, СССР эл арт. (1976). 1961-ж. Москва хореогр. окуу жайын бүтүргөн. 1961–95-ж. Чоң театрда иштеген. Бийчинин романтикалык келбети ж-а өзгөчө музыкалуулугу айкалышып, сахнада каалгып учкан кыймыл-аракети м-н көрктүү. Б. көптөгөн башкы классикалык партияларды аткарган: Одетта – Одиллия, Маша, Аврора (П. И. Чайковский, «Аккуу көлү», «Щелкунчик», «Уйкудагы сулуу»), Китри, Никия (Л. Ф. Минкус, «Дон

Кихот», «Баядерка»), Жизель (А. Адан, «Жизель»), Ширин (А. Д. Меликов, «Сүйүү легендасы»), Анастасия (С. Прокофьев, «Иван Грозный), Валентина (А. Эшпай, «Ангара»; СССР мамл.
сыйл., 1977), Рита (Д. Шостакович, «Алтын кылым»), Раймонда (А. Глазунов, «Раймонда»), Лейли (С. Баласанян, «Лейли жана Межнун) ж. б. 1994–95-ж. Чоң театрда педагог, 1996-жылдан чет өлкөдө. «Ромео жана Жульетта» телебалетине, телеэкрандаштырылган «Жизель» балетине, «Спартак» балет-кинофильмине тартылган. Варнада өткөн дүйнөлүк балет артисттеринин конкурсунда 1-сыйл. алган (1965). Лениндик сыйл. лауреаты (1986). Н. Жылдызова.