БЕТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТ —1) негизги геом. түшүнүктөрдүн бири. Бул түшүнүккө геометриянын түрдүү бөлүктөрүндө ар кандай маани берилет: элементардык геометрия­да тегиздик, көп грандык, ийри Б-тер каралат. 2) Кеңири түшүнүк берүү үчүн тегиздиктин бөлү­гүн үзгүлтүксүз деформациялоодон Б. алынат. Чоюу, кысуу ж-а ийүү м-н кайрадан эле жаңы Б. пайда болот. Булар жөнөкөй Б. же эки өл­чөмдүү элемент деп аталат. Жөнөкөй Б-ке квад­раттын өзара бир маанилүү ж-а үзгүлтүксүз түспөлү кирет. Чоң тегерек м-н чектелген шар­дын Б-нин жарымы да жөнөкөй Б-ке мисал болот. 3) Алг. ж-а аналитикалык геометрияда Б. геом. чекиттердин көптүгү катары каралат.