БЕТ КЕП (м а с к а)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТКЕП , м а с к а – көргө коюлган адамдын бет жапкычы. Ал чоподон, гипстен, алтындан жа­салган. 1958-ж. Чүй өрөөнүндөгү Шамшы көрүс­төнүнөн (4–5-к-га таандык) жука тактайдан жа­салган, төрт бурчу жез зым м-н бекитилген

табытта башы ба­тышт ы караты­лып, чалкасынан жат к ы р ыл ган аялдын сөөгү та­былган. Анын бе­ти алтындан жа­с ал ып, к ө зүнө акак чөгөрүлгөн каңылтыр Б. м-н жабылган. Кийин буга окшогон Б-т ер Ал ай дагы Жалпакдөбөдөн, Кетментөбө өрөөнүнөн табылган. Кара деңиз, Волга боюнан, Енисейден, Казакстандан ж-а О. Азиянын башка аймактарынан кездешиши алардын ортосунда (4–5-к-да) тарыхый-маданий байланыштын болгондугун айгинелейт.