БЕТОН
БЕТО́Н (фр. betоп, лат. hitumеп – тоо чайыры), к у й м а т а ш – батташтыргычтар (суулуу же суусуз), толтургучтар, кээде атайын кошулмалардын тыгыздалган аралашмаларынан катырып алынуучу жасалма таш материал; негизги курулуш материалынын бири. Калыптоого чейин аталган аралашма Б. аралашмасы деп аталат. Ал батташтыргычына жараша орг. эмес батташтыргычтан (цемент-, гипс-, силикат-, ысыкка чыдамдуу Б. ж. б. атайын даярдалган Б.) ж-а орг. батташтыргычтан (асфальт-, пласт-Б.) даярдалган Б. болуп бөлүнөт. Цемент-Б. орт. тыгыздыгы (көлөмдүк кг/м3) б-ча өтө оор (2500дөн жогору), оор (800дөн 2500гө чейин), жеңил (500дөн 1800гө чейин), керамзит-бетон, шлак-бетон ж. б.), өтө жеңил (500дөн аз) болуп айырмаланат. Маанилүү касиети анын бекемдиги, ал өз кезегинде батташтыргыч заттын түрүнө ж-а сапатына, Б-дун орточо тыгыздыгына көз-каранды. Бекемдиги анын маркасы м-н мүнөздөлөт (кысууга, чоюлууга ж-а ийилүүгө бекемдик чеги). Көпчүлүк Б-дун чоюлууга туруктуулугу анын кысууга болгон бекемдигинен 5– 10 эсеге аз болот.