БЕТОН КОНСТРУКЦИЯЛАРЫ ЖАНА КУРАМА БӨЛҮКТӨР
БЕТО́Н КОНСТРУКЦИЯЛАРЫ ЖАНА КУРАМА БӨЛҮКТӨР – имараттын ж-а курулманын арматурасыз же аз арматуралуу (констр.) бетондон даярдалган бөлүгү. Алар начар чоюлгандыктан, жалаң кысуу күчү таасир этүүчү жерге пайдаланылат. Имараттын пайдубалы, дубалы
ж-а блоктору, гидротех. курулмалардын бөлүктөрү, мунара, чүмбөт ж-а көпүрө тирөөчтөрү, жолго ж-а жанжолчого (тротуарга) төшөлүүчү такталар (плиталар) ж. б. катары кеңири колдонулат. Алардын з-ддо даярдалган курама бөлүктөрү натыйжалуу болуп эсептелет. Ал эми
өтө көлөмдүү курулмалардын констр-лары (мис.,
плотина, ири пайдубал, көтөрмөлөр, тирөөч дубал ж. б.) монолит бетондон даярдалат.