БЕТОН НАСОСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТО́Н НАСОСУ – бетон аралашмасын түтүк аркылуу аны төшөөчү жайга бүркүп берүүчү ма­шина. Бетон аралашмасы бункерден сорулуп, жумушчу тетик (сүмбө, ротор ж. б.) аркылуу бөлөк-бөлөк тез ажыратылуучу түтүктөн тур­ган бетон-жөнөткүчкө берилет. Б. н. горизон­таль багытта 300 мге, вертикаль багытта 40 мге ташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Өндүрүмдүүлүгү 5, 10 ж-а 40 м3/с.