БЕТТЕР ТЕОРИЯСЫ
БЕТТЕР ТЕОРИЯСЫ – дифференциалдык геометриянын беттердин касиеттерин изилдөөчү бөлүмү. Б. т-нда беттин формасы, ийилиши, андагы түрдүү сызыктардын касиеттери, о. эле 2-тартиптеги бет, буралма бет, геликоид, ал эми ж. б. у. с. беттер изилденет. Аффиндик Б. т. көлөмдү сактоочу аффиндик (эквиаффиндик) өзгөртүүлөрдө өзгөрбөөчү беттердин касиеттерин, ал эми проекциялык Б. т-нда беттердин проекциялуу инварианттык касиеттери каралат. 19- к-дын аягында Б. т-нда регулярдуу беттер гана каралса, 20-к-дын башынан тарта Б. т-нын бир нече изилдөө багыттары бар, изилденүүчү беттин касиеттери (мис., томпоктугун) эске алынат. О. эле дифференциалдык геометриядагыдай беттин кичине бөлүгү эмес, бүтүндөй бет эсептелет. Б. т-нда беттин топол. структурасын кароо маанилүү ролду ойнойт. Көп өлчөмдүү мейкиндиктин дифференциалдык геометриясы, эллипстик мейкиндик, Лобачевский мейкиндиги б-ча изилдөөлөр бул мейкиндиктердеги Б. т-на кирген бир катар геом. фактыларды аныктайт.
Ад.: Рашевский П. К. Курс дифференциальной геометрии. М., 1956; Норден А. П. Теория поверхностей. М., 1956.
Б. Э. Канетов.