БЕТТИК АКТИВДҮҮ ЗАТТАР
БЕТТИК АКТИВДҮҮ ЗАТТАР – фазалардын ортосундагы бетте адсорбцияланууга жөндөмдүү ж-а анын натыйжасында алардын беттик энергиясын (беттик тартылуусун) азайтуучу заттар. Молекулалары уюлдуу гидрофилдүү топтору м-н бирге углеводород радикалдары бар көпчүлүк орг. бирикмелердин суудагы эритмелери ушундай касиетке ээ. Аларга гомол. катардын молекуласында көмүртектин 12–18 атому бар бирикмелер тиешелүү. Өтө маанилүү ж-а көп колдонулуучу, беттик активдүүлүгү жогору заттарга орг. заттар кирет. Алардын суудагы эритмелери коллоиддик мүнөздө. Текстиль өндүрүшүндө, а. ч-да, нефтини изилдөөдө ж-а кайра иштетүүдө, тоокен иштеринде кен байытууда, бетон ж-а курулуш материалдарын алууда, металлдарды, пластмассаларды иштетүү технологиясында ж. б. тех. маанилүү дисперстик системаларды алууда колдонулат.