БЕТТИК КАТМАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТТИК КАТМАР – беттелип турган эки фаза­нын (нерселер, заттар, чөйрөлөр) тийишкен жериндеги жука катмар. Бул катмардын касие­ти фазанын ички көлөмүндөгү касиетинен айырмаланат. Анын касиеттери м-н түрдүү бет­тик кубулуштар байланыштуу, мис., адсорбция, десорбция, катализ, жарым өткөргүчтөрдөгү бет­тик абалдар. Б. к-дын энергиясын кошулмалар­дын жардамы м-н өзгөртүүгө болот.