БЕТТИК КУБУЛУШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТТИК КУБУЛУШ – чектик катмардагы ашыкча эркин энергия – беттик энергия пай­да кылган кубулуш. Б. к. нерселердин хим. ж-а физ. өзара аракеттешүүсүндө беттик катмарда өтөт. Негизги беттик катмар беттин аянтына пропорциялаш болгон беттик энергиянын азайы­шына байланыштуу. Суюктуктун ийрилик бе­тин пайда кылуучу мол. күч м-н сырткы күчтүн биргелешкен аракетинен келип чыгуучу Б.к. ка­пиллярдык кубулуштар деп аталат. Катуу нер­селердеги Б. к-ка илинишүү (когезия), жабы­шуу (адгезия), нымдоо (смачивание), сүрүлүү ж. б. кирет. Ар түрдүү катуу нерселердин бузулуу ж-а деформациялануу процесстеринде кристал­лдык торчонун бузулушунан нерсенин ички бет­теринде да Б. к. байкалат. Б. к-тун көпчүлүк тобун беттик катмардын хим. курамын өзгөр­түүчү адсорбциялык кубулуштар түзөт (к. Ад­сорбция). Кубулуштардын башка тобуна тер­моэлектрондук эмиссия, потенциал секириги ж-а фазалардын чектик бетинде электрдик кош катмардын пайда болушу кирет. Бул Б. к. иондордун адсорбциялык ж-а диполдук молеку­лалары м-н байланышкан. Б. к. чектик беттер­дин кыймылында чектик шарттардын өзгөчөлү­гүн, берилген чөйрөдө материалдардын ж-а констр-лардын чыдамдуулугун аныктайт. Чек­тик бетте мономол. катмарды пайда кылган ад­сорбциялоочу заттын аз өлчөмдөгү кошундусу материалдын көп касиеттерин жөндөөгө мүмкүн­дүк берет. Б. к. тоотектеринин талкаланышын, жер кыртышынын жарылышын, нымдуулуктун бууланышын ж-а айлануусун, о. эле тирүү орга­низмдеги көп процесстерди аныктайт. Көптөгөн технол. процесстер (майлоо, нымдоо, флотация ж. б.) Б. к-ту пайдаланууга негизделген.