БЕХБУДИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕХБУДИЙ Махмудкожо (10. 3. 1874, Өзбек­стан, Самаркан – 25. 3. 1919, Карши ш.) – Түркстандагы жадиддик козголоңдун жетекчи­леринин бири, өзбек драматургу, журналист, коомдук ишмер. Самаркан медресесин бүтүргөн (1884). 1900-ж. Египет м-н Түркияга саякат жа­саган. 1903-ж. Казан м-н Уфа ш-нда болуп, ан­дагы жадид мектептери м-н таанышат. 1904-ж. Самарканда жадид мектебин ачкан. Жадид мек­тептерине арнап «Кыскача жалпы география», «Ислам тарыхы» окуу китептерин, «Түркстан, Бухара жана Хива картасын» бастырып чыгар­ган. Россия империясындагы түрк тилдүү мусул­ман элдерин биримдикке чакырган макалалар жарыялаган. «Россия мусулмандарынын союзу» уюмунун программасын колдогон. 1908-ж. Самар­канда акысыз китепкана ачат. 1911-ж. «Падар­куш» («Ата өлтүргүч») аттуу пьеса жазат. Бул биринчи өзбек драмасы болгон. «Айна» журна­лын чыгарган. 1917-ж. апрелде Ташкен ш-нда өткөн мусулмандардын 1-съездине катышат. Ошол жылы 28-ноябрда өткөн Түркстан мусул­мандарынын 4-съездинде Түркстан автономия­сы өкмөтүнүн курамына шайланган. Б. 1919-ж. январда Бакуга бара жатканда Бухара эмири­нин бектеринин колуна түшүп, камакка алы­нып, Карши ш-нда кыйноо тартып өлтүрүлгөн. <ParaBr>Ад.: Программные документы мусульманских по­литических партий, 1917–1920 гг. Оксфорд, 1985; Ху­дайкулов А. М. Просветительская деятельность джа­дидов Туркестана (конец XIX–начало XX вв.). Т., 1995.