БЕХЗАД
БЕХЗАД Кемаль-ад-Дин (1450-ж. чен, Герат – 1535–34 же 1535–36, Тебриз) – иран живописчиси, миниатюрачы, Герат миниатюра мектебинин көрүнүктүү өкүлү. Бул мектеп Иран, Индия ж-а О. Азияда миниатюранын өсүшүнө зор таасир тийгизген. Б. аксарай сүрөтчүсү ж-а Герат башкаруучуларынын колжазма (китабхана) че-

берлеринин башчысы болгон. 1522-ж. Тебризде Исмаил шахтын буйругу м-н падыша сарайында китабхананы жетектеген. Көркөм, кылдат ж-а кооз палитранын, виртуоздуу пасторалдык ж-а баталдык көрүнүштөрдүн чебери болгон. Гератта калыптанган иконографиялык схемаларды сактап, көп фигуралуу композицияларды, таасирдүү көркөм сүрөттөрдү тарткан. Саадинин «Бустанына» миниатюралары (1488, Египеттеги улуттук китепкана, Каир), Низаминин
«Хамсесине» эки көчүрмө (1490, Лондон, Британ музейи), «Султан-Хусейн Байкара» (1480- жылдар, өздүк жыйнак, Швеция) ж. б. чыгармалары Чыгыш миниатюрасынын шедеври болуп саналат.